УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын Кара-Көл шаардык бөлүмү үчүн жаңы имарат курулду. Анда кызматкерлер үчүн зарыл болгон бардык заманбап техникалык жабдыктар жана шарттары бар. Эс алуу бөлмөсү, мончо, атайын унаа токтоочу жайлары да каралган дешет УКМКнын маалымат кызматынан.
Жаңы имараттын ачылышына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыктарынын башчылары өздүк курамы менен, ардагерлер жана Кара-Көл шаардык бийлик өкүлдөрү катышты.
"Иш-чарада Камчыбек Ташиев сөз сүйлөп, зарыл болгон учурларга токтолду. Анын ичинде өлкөдө жүрүп жаткан Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өнөктүгү, андагы мыйзамдуулуктун сакталышы, бардык тараптарга бирдей мыйзамдуу шарттардын түзүлүшү жана мамлекеттик кызматкерлердин шайлоонун үгүт иштерине аралашпоосу зарылдыгы баса белгиленди", - деп айтылат билдирүүдө.