Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков ээлеген кызматынан бошотулду

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты.

Кыргыз Республикасынын президентинин 2021-жылдын 1-ноябрындагы №512 "2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгын аткарбагандыгы үчүн Ош мамлекеттик университетинин ректору Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич ээлеген кызматынан бошотулду", - деп жазылат билдирүүдө.

Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Аталган чечим Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 2021-жылдын 6-ноябрындагы №1125 чечиминин негизинде кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Uli6886
2021-11-11 10:00:07
Кайсы бирине ишеништи деле билбейсин кече ушинтип чыккан бролчу эле---Билим АКИpress - Ректор Ошского государственного университета Кудайберди Кожобеков не уволен, он временно отстранен от должности до конца разбирательств. Об этом АКИpress сообщил министр образования и науки Болотбек Купешев.
-2
Alixan-Nookat.2015
2021-11-11 10:56:15
Убактылуу бошотулду атайын комиссия иликтеп анан чечим чыгат деп жүрөтго.
-1
Sofiya05
2021-11-11 11:38:48
Азаттык партиясы шайлоодон четтетилдиби анан? Буйрукта ошондой эле го...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан