Ийгилик сырлары. Ырысбек Мааткабылов жаштарга канткенде жакшы жумуш тапса болорун айтып берди

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына аттанып жаткан №29 Свердлов округунан бир мандаттуу талапкер Ырысбек Мааткабылов 10-ноябрда жаштар менен жолугушуу өткөрдү.

Аталган жолугушуу Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө арналып, көптөгөн жаштардын бүйүрүн кызытты. Алар Ырысбек Мааткабыловду кызыгуу менен угуп, суроолорун узатып жатышты. "Канткенде Кыргызстандан татыктуу жумуш табууга болот?" деген суроо эң көп берилген суроо болду.


"Мурун көптөгөн завод, фабрикалар үзгүлтүксүз иштеп, анда он миңдеген адамдар эмгектенчү. Акырындык менен алардын баары жабылды. Кесипкөй адистер өлкөдөн чыгып кетишти. Бүгүнкү күндө Кыргызстан көбүнесе башка өлкөлөрдөн чыгарылган товарларды колдонуп келет. Ал эми жаштар болсо жумушсуздуктун айынан чет жактарга кетүүгө мажбур болууда. Бул өтө өкүнүчтүү. Арабызда өз өлкөсүнө өтө чоң пайда алып келе турган таланттуу жаштарыбыз абдан көп. Аларга туура багыт берип, жумуш орундарын түзүп берүүбүз зарыл", -
деди өз сөзүндө Ырысбек Мааткабылов.

Өтө тездик менен өнүгүп жаткан тармактардын бири - IT-технологиясы. "Программисттерге бүгүнкү күндө талап көп жана мындан ары да Кыргызстанда, бүтүндөй дүйнө жүзүндө аларга болгон талап дагы да өсө бермекчи. Ал эми IT аркылуу жакшы каражат табуу үчүн чет жактарга кетүүнүн деле кереги жок. Аралыктан деле ири компаниялардан иштесе болот. Эң негизгиси жакшы квалификацияга ээ болуу жана ар дайым өзүңдү өнүктүрүп туруу жетиштүү", - деди талапкер.

"Мындан башка дагы алгылыктуу багыттар жок эмес. Мисалы, сантехник, электрик, технолог сыяктуу жумушчу кесиптерге көңүлүңөрдү бургула дейт элем. Аларга талап көп жана айлык акысы да жакшы", - деп кошумчалады Мааткабылов.

Анын айтуусу боюнча, жакынкы жылдардагы Кыргызстандагы маанилүү маселелердин бири азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо болмокчу. "Бизде эбегейсиз адамдык ресурс бар жана көптөгөн товарларды өзүбүз эле чыгарсак болот. Ал үчүн айыл чарбасын өнүктүрүү, ири жана чакан бизнести колдоо, фермерлер менен дыйкандарга жеңилдетилген салыктарды түзүп жана пайызсыз насыя ресурстарын жеткиликтүү кылып берүү зарыл", - деген оюн билдирди ал.

Акырында талапкер жаштарга акыл-насааттарын айтып өттү. "Мыкты билим – мыкты жашоонун ачкычы. Окууга бүт дилиңди коюп, сабактардан качпай билим алуу керек. Окутуучуларды кунт коюп угуп, дискуссияларга катышып жана тапшырмаларды аткаруу зарыл. Анткени силер бирөө үчүн эмес, өзүңөр үчүн окуп жатасыңар да. Ошондой эле окууну аяктагандан кийин ишке орношуп алып да өзүңөрдү өзүңөр өнүктүрүп, окуй бергениңер пайдалуу болот. Талап күчтүү адис болуш үчүн өзүңдүн үстүңдөн талбай эмгектенүү жана билим куржунуңду ар дайым толтуруп туруу зарыл", - деди Мааткабылов.

Жолугушуу санитардык эрежелерди сактоо менен өттү.

28-ноябрда Жогорку Кеңештин шайлоосу өтөт. Шайлоо бюллетениндеги Ырысбек Мааткабыловдун катталуу номери 4.

Тапшырмачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мааткабылов Ырысбек Шаршенбаевич.

Нускасы: 1 даана, чыгарылган датасы: 2021-ж. 11-ноябрь. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мааткабылов Ырысбек Шаршенбаевичтин шайлоо фондунун каражаттарынан финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Омуралиева Мээрим Замирбековна тарабынан төлөндү.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан