
7-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жыйынтыкталгандан кийин нааразы болгон партия өкүлдөрү 29-ноябрга караган түндө жыйын өткөрүштү. Анда алар шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтышат.
Маалымат жыйынга "Ата Мекен" партиясынан Өмүрбек Текебаев, Тилек Токтогазиев, Клара Сооронкулова, Али Токтакунов, "Улуттар Биримдиги" партиясынан Мелис Мырзакматов, Артур Медетбеков, "Социал-Демократтар" партиясынан Рыскелди Момбеков, "Азаттык" партиясынан Исмаил Исаков, Бактыбек Калмаматов катышты.
Алар Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын фальсификация жана махинациялардан улам тааныбай турганын билдиришти. Алар кайра шайлоону таза өткөрүүнү талап кылышты. Ошондой эле шайлоонун жыйынтыгы менен макул болбогондорду катарына кошулууга чакырып өтүштү.
28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо
жыйынтыкталды.
Добуш берүү жараяны эртең менен саат 08:00дө старт алып, жалпы 2 494 шайлоо участкасы ачылды. Анын ичинде 59 шайлоо тилкеси чет мамлекетте жүргөн Кыргыз жарандарын тейледи.
Шайлоо тилкелери жабылгандан кийин БШКнын сайты алдын ала жыйынтыктар келе баштагандан кийин мүчүлүштүктөр пайда болуп, сайт бир аз убакыт иштебей туруп калган.
VII чакырылышка жалпы 90 депутат өтөт. Ага 21 партиядан талапкерлер жана бир мандаттуу шайлоо округунан 286 талапкер ат салышты. Анын ичинен 54 мандат партиядан коюлган талапкерлерге берилсе, 36сы бир мандаттуу шайлоо округдан жеңип чыккандар болот.