Садыр Жапаров иш сапары менен Түркияга учуп кетти. Өлкө башчыны кимдер коштоп кетти? (тизме)

Бүгүн, 11-ноябрда өлкө башчы Садыр Жапаров Түркиянын Стамбул шаарына иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.

Сапар алкагында мамлекет башчысы Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын (ТМКК) катышуучу-өлкө башчыларынын "Жашыл технологиялар жана санариптик доордогу акылдуу шаарлар" темасындагы сегизинчи саммитине катышат.

Мындан сырткары саммит аянтчасында президент Садыр Жапаров Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Венгриянын лидерлери менен жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланары күтүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:

— Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

— Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;

— Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев;

— Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов;

— Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;

— Кыргыз Республикасынын энергетика министри Доскул Бекмурзаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
bessmertiy
2021-11-11 14:00:56
Доскулга не бар? Бул жакта свет өчүп тойгозуп атканда?
+5
XAN-TORO
2021-11-11 14:14:29
bessmertiy,Ошол жактан Туркменстан окшогон бироосу менен свет суйлошуп келет экен
0
Bishkek-Kg
2021-11-11 14:16:43
Гүленчилер (феточулар) сердце горит, сердце болить болтат!
+1
Antiradikal0
2021-11-11 16:54:53
Bishkek-Kg, Садыр бийликке келгенден бери бугунку саткын бийликтен дагы эмне балээни кутсо болот деп чочулап калышты да. Болбосо буга чейин Эрдоганга эч ким Садырча чоголобогон.
+1
Bishkek-Kg
2021-11-11 17:47:36
Antiradikal0, Гүленчилердин ХизбИттерден айырмасы деле жок, пускай чочулап жүрүп жок болушсун!!!
0
Isken90
2021-11-11 19:11:23
Ар биринин 10дон жардамчысы менен 60 телехронителдери менен 120 адам кетиби
+1
Isken90
2021-11-11 19:12:17
Алардын гостницасы тамак ашы 85милондон ашык акча кети бюджетен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан