Парламенттик шайлоого шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо үчүн 2 күн калды

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо үчүн 2 күн калгандыгын шайлоочуларга эскертет. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.

19-сентябрдан башталган шайлоочулардын тизмесин тактоо 12-ноябрга (кошуп алганда) чейин жүргүзүлөт.

Өзүңүз тууралуу маалыматты шайлоочулардын тизмесинен тактаңыз:

  • 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен;
  • «https://tizme.gov.kg/» сайтында;
  • шайлоо участогунда;
  • өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, Сиздин шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз (СМС билдирүү жөнөтүү жана чалуулар акысыз).

Шайлоочулардын биротоло тизмелери 2021-жылдын 18-ноябрында “Тизме” порталына жайгаштырылат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан