Талас шаарында укук коргоо органдарына шайлоо процессинин жүрүшүндө конституциялык-укуктук жоопкерчиликти түшүндүрдү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Тренинг Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө шайлоо мыйзамдарынын нормаларын бузууларга чара көрүүлөрдү жана аракеттерди иштеп чыгуу боюнча уюштурулду. Окутуу процессине карата жаӊыча мамилени калыптандырууну эске алуу менен тренингге тергөө, сурак органдарынын тажрыйбалуу өкүлдөрү, коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери чакырылды.
БШКнын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров катышуучуларга аралаш шайлоо тутуму боюнча алдыда күтүлүүчү парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү, шайлоо округдарды түзүү, шайлоонун негизги этаптары жана укук коргоо органдары өз ишмердигинде кандай учурларды эске алуулары зарыл экендиги тууралуу маалымат берди.