Президент Садыр Жапаров Стамбул шаарына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда Түркия Республикасынын Стамбул шаарына иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысынын учагы Стамбул шаарындагы “Ататүрк” эл аралык аэропортуна конду.
Аэропортто ТМКК катышуучу-мамлекеттеринин желектери илинип, килем төшөлүп, ардак кароолдун ротасы тизилген.

Эске салсак, сапар алкагында мамлекет башчысы Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын катышуучу-өлкө башчыларынын "Жашыл технологиялар жана санариптик доордогу акылдуу шаарлар" темасындагы сегизинчи саммитине катышат.

Ошондой эле саммит аянтчасында Садыр Жапаров Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Венгриянын лидерлери менен жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланары күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан