Чуу жараткан Жаныш Бакиевдин сүрөтү. Портрет алынып милиция коомчулуктан кечирим сурады

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы кетирилген кемчиликтер үчүн коомчулуктан кечирим сурайт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Урматтуу жарандар, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы кетирилген кемчиликтер үчүн коомчулуктан кечирим сурайт. Бүгүн баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшкөн түзүмдүн мурдагы жетекчилеринин портрети илинип, ал жакта эч кандай күмөн ойлорсуз Жаныш Бакиевдин дагы портрети дагы кошулган. Бирок бул кетирилген катачылык учурунда оңдолуп, стендден портрети алынды", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

Буга чейин ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында мурдагы жетекчилердин стендин ачуу аземи өтүп, анда стендге Жаныш Бакиевдин да сүрөтү илинген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KaGaH
2021-11-12 00:57:11
Өмүрзакпы же Өмүрзаковбу билбейм анын сүрөтүн деле алып салса болмок татыксыз адам, Ошто кол алдында чоң муштум балдары бар жугундукорлору прокурор иниси башкарат
+4
Isken90
2021-11-12 02:53:31
Бул жерде адаша турган эч нерсе жок Жаныш Бакиевди сыртынан сотолуп издоодо жургонун итерда билет атайын эле кылышкан имена милиция озу издеп жататко туурабы
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан