Ырчы Дайыр Исмадияров узак убакыттан кийин жубайы, уулу менен чогуу түшкөн сүрөтүн жарыялады. Ал сүрөтүн Инстаграм баракчасына жүктөп "Биз тойдо..." деген билдирүүсүн калтырды.
Ырчынын бул билдирүүсү күйөрмандарын, кесиптештерин кубандырды. Сүрөттүн алдына "Жараштыңарбы?", "Бактылуу болгула!", "Азаматсың, канчалаган жаштарды бактылуу болууга чакырдың", "Бүгүнкү күндүн эң жакшы жаңылыгы", "Кубанып жатабыз, эки дүйнө бактылуу болгула" жана башка жакшы тилектер жазылууда.
Буга чейин Дайыр Исмадияровдун баласын алдына алып, унааны башкарган видеосу тарап, ырчы айыпка жыгылган. Видео Өзгөн районундагы айылдардын биринде тартылган.
Дайыр Исмадияров жубайы Жанара менен 2016-жылы баш кошуп, 2017-жылы уулдуу болушкан. Ошол эле жылы Дайыр мырза ажырашканын ачыкка чыгарган. Ал маектеринин биринде баласына колунан келишинче жардам берип жатканын, уулунун андан алыс өсүп жатканы арман экенин айткан.