Бишкекте кафелердин биринен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча, Жибек Жолу менен Лермонтов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кафеден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 14:31де Октябрь райондук №7 ӨКБдан 1 бөлүм, кошумча саат 14:37де Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 2 бөлүм тартылган.
Азыр жеринде өрт өчүрүүчү кызматкерлер иш алып барууда. Кошумча маалымат берилет.