Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушту

Бүгүн, 12-ноябрда президент Садыр Жапаров Түркия Республикасынын Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешинин саммитинин аянтчасында Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен сүйлөшүү өткөрдү. Бул тууралуу президенттик администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргыз-Венгер эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттары талкууланды. Ошондой эле ТМКК саммитинин күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашуу болду. Садыр Жапаров Кыргыз мамлекети Венгрия менен кызматташтыкты жогору баалаарын белгилеп, 2022-жылы кыргыз-венгер дипломатиялык мамилелеринин орношуна 30 жыл толорун эске салды.

Президент эки тарапты кызыктырган бардык тармактарда жигердүү өнүгүп жаткан кыргыз-венгер кызматташтыгынын деңгээлине канааттануусун белгилеп, экономикалык чөйрөдө кызматташуу үчүн чоң потенциал бар экенин билдирди.

Садыр Жапаров Виктор Орбанды Кыргыз өлкөсүнө мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакырып жана Кыргыз өлкөсүнүн төрагалыгында Кыргыз-Венгер стратегиялык кеңешинин экинчи отурумун өткөрүүнү сунуштады.

Өз кезегинде Виктор Орбан Венгрия Кыргыз өлкөсү менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурарын белгилеп, кыргыз-венгер кызматташтыгын эки тарапты кызыктырган бардык тармактарда кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Венгриянын премьер-министри Кыргыз-Венгер инвестициялык өнүктүрүү фондунун уставдык капиталы азырынча аз экенин, бирок биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жакшы колдоо болорун баса белгиледи. Анын айтымында, Венгрия кыргыз жана венгриялык ишкерлерди колдоо үчүн фонддун уставдык капиталын көбөйтүүгө даяр.

Виктор Орбан ошондой эле Венгрия кыргыз тараптын БУУнун алкагында көтөрүлгөн демилгелерин жана сунуштарын колдой турганын белгиледи.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар оң натыйжаларды, атап айтканда, соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссиясынын жемиштүү ишин, кыргыз-венгер ишкерлер кеңешинин ишмердигин белгилешти.

Билим берүү тармагындагы кызматташууга токтолгон Садыр Жапаров менен Виктор Орбан Венгриянын ЖОЖдо билим алып жаткан кыргыз студенттери эки элдин жакындашуусуна көпүрө болору боюнча пикирлерин билдиришти.

Президент менен Венгриянын премьер-министри ошондой эле эки өлкөнүн бакубатчылыгы үчүн эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн активдүү кызматташууну улантууну макулдашышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tursunbaev1978
2021-11-13 23:07:18
Ошондо Венгрия да түрк тилдүү мамлекеттердин катарына киреби,Венгрияда Кыргыз Кыпчактар бар деген туура окшойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан