#ГалстукТар долбоорунун коногу Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Илисбек Абакиров болду

Тектеш кабарлар: Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо - 2021 (430 материал)

#ГалстукТар долбоорунун коногу Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Илисбек Абакиров болду. Ал эмне үчүн парламенттик шайлоого партия менен аттанганы жөнүндө, үй-бүлөсү тууралуу жана буга чейин аткарган иштери боюнча кеп салды.

Абакиров үч журналисттин үч багыттагы суроолоруна жооп берди.

- Ысык-Көлдүн алыскы, климаты катаал Тоң районундагы мурдагы Ак-Терек, азыркы Кара-Коо айылында төрөлүп чоңоюптурсуз. Ал жактагы климаттык өзгөчөлүктөн улам жарандар эрте пенсияга дагы чыгышат экен. Ушундай аймакта өткөн балачак тууралуу баштап, көрүүчүлөр менен өзүңүздү да тааныштыра өтсөңүз?

- Менин балалыгым ушул айылда өткөн. Балалык кезге эч нерсе жетпейт. Кичинекей кезибизде чүкө ойногон, эшек минип алып кой кайтарган күндөрүм эсте калган. 6-классымда достор менен ойноп, багбан авабыз бар эле. Ал алманы, жер-жемиштерди өстүрчү. Бир күнү ал жактан дарбызга окшогон нерсе көрдүк. Кечинде 10 чакты бала болуп жолугуп, дарбызды алып келип, кессек кесилбейт. Көрсө, ал ашкабак экен. Кайра көтөрүп барып анын үйүнө алып барып салганбыз. Мектепти жакшы окуп бүттүм.

- Мени таң калтырганы сиздин ойлоп табуучулугуңуз болуп жатат. Мисалы, эл деле бир басып барбаган жерге топоз чарбасын негиздеп, балыкты түздө багууну өздөштүрө электе тоодо багып, ал тургай ага жемди да өзүңүз ойлоп тааптырсыз. Жаратмандык сизде табияттан барбы? Же ар бир адам ойлонсо аракет кылса жаратман боло алабы?

- Жаратмандык табияттанбы деп ойлойм. Жаратмандык шаарга келип окуп калгандан кийин келе баштады. Иштеп баштаганда бутылкага чапталган этикеткалар чет мамлекеттен келчү. 2003-жылы клейди биринчи ойлоп тапкам. Патенттин ээсимин. 20 жылга жакын алкоголь чыгаруучу системада иштегем. Коомдук иштерде жүрүп, бизнес тармактарына өттүм. Балык өстүрүү боюнча актуалдуу нерсе болуп турат. Орустар келип кетишти. Алар айына 1 миң тонна балык бере аласыңарбы деп сурап жатышат. Бүгүнкү күндө форель өстүрүү актуалдуу болуп жатат. Ошол балык чарбасына 2013-жылдары жерлерди издеп, Тоң жергесинде Семиз-Бел деген тилкеде булактар бар экен. Эксперттерди алып барып текшертип көрдүм. Биздин облуска балык өстүрүү актуалдуу. Анткени биринчиден абасы, суусу да таза. Орусиядан келгендер биздин балыктарды жеп аябай жактырып жатышат. 2 гектар жерге чарба уюштуруп, баарын окуп чыгып, жемди өзүм ойлоп таптым.

- Буга чейин парламентке бизнесмендер келди деген сындар далай айтылган. Сиз да жеке ишкерсиз. Жогорку Кеңешке барып калсаңыз мындай сындарга терикпейсизби? Негизи бизнесмендердин парламентте болушуна көз карашыңыз кандай?

- Күчтүү бизнесмен ал юрист, экономист, финансист, менеджер. Алар өзү иштеп жаткан тармактарга чечилбеген көйгөйлөрдү алып чыкса бул туура эле.

- Мен азыр өзүңүздүн төрөлүп, өскөн аймагыңызга, Ысык-Көл облусуна көрсөткөн жардамдарды эсептеп бүтө албайм. Абдан көп экен. Суроо мындай: Жардам бергенде мырзалар күч алат, дагы энергия топтойт дешет. Сансыз көп жардамдары берген экенсиз ошол учурдагы сиздеги сезимдер кандай болот?

- Бул жүрөктөн чыккан нерселер. Өзүң үй-бүлөңдү жетиштүү кылып багып, андан ашканын элиң менен бөлүш деген сөз бар. Тапканымдын төрттөн бир бөлүгүн элиме жумшап келем. Мен чет мамлекеттерде көп болом. Алардын жашоо-шартын, өнүгүп жатканын көрүп биздин мамлекет өссүн деп тилейсиң. Элге жардам бергенден күч-кубат алам.

- Чарбаны түптөп, анда иштеген адам кезиккен көйгөйдү бетме-бет көрүп, тааныш болот эмеспи. Кээде министрликке, парламентке теориялык гана билими барлар келип калат. Алардын сөздөрүн укканда оңдоолорду киргизгиңиз келген учурлар болобу?

- Ооба болгон. Жакында эле айыл чарба министринин орун басары ал айылда өспөсө керек. Букадан мынча сүт алдык деп айтса бир кызыктай болдук. Ар бир тармакка кесипкөй адистер келсе жакшы болмок. Бүгүнкү күндө айыл чарба тармагы аксап жатат. Дыйкандардын көйгөйлөрү чоң.

- Демейде аялдар күйөөсүнүн тапканын кызганат эмеспи. Ушунча кайрымдуулукка, демөөрчүлүгүңүзгө каршы болбой колдоп келе жаткан жубайыңыз, анан албетте балдарыңыз тууралуу да уккубуз келет.

- Жубайым менен жогорку окуу жайда окуп жүргөндө табышып баш кошконбуз. Бүгүнкү күндө 3 балабыз бар. Улуу балам жана кызым мамлекеттик кызматта иштешет. Эң кичүүсү Кореяда окуйт. Келинчегим агрардык академияда сабак берет. Ал каржыга кийлигишпейт. Чоң иш жасап жатканда кеңешем. Ал дайыма мени колдойт.

- Жогорку Кеңешке баруу ниети сизде качан жаралды? Жогоруда сиз жасап жүргөн иштердин баары сиздин чоң стратегияңыз эмес беле деген ой келип жатат?

- "Жаңы муун" жана "Ысык-Көл" фонд бар. Бизге элиңерге барып, Конституциянын өтүшү боюнча түшүндүрмө бергиле деген сунуш айтылды. Элге барсак 500 киши отурат. Анын бири чыгып, суу жок отурабыз деп айтты. Ошондо бир жаман абалда калдым. Биз шаарда жүрсөк биздин айылдагылардын суусу жок болсо деп насосторду алып бергем. 2010-жылдан бери иштерди жасап келгем. Бул стратегия эмес, эгерде стратегия болсо ошол жылдары саясатка аралашат элем да. 2019-жылы пандемия башталганда карантин болгондо жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүп турабыз. Акимге чалып сурасам медициналык каражаттардан кыйналып жатабыз деп айтты. Медициналык каражаттарды жибергем.

- Былтыр парламентке аттануу боюнча партиялардын сунуштар түштү беле?

- Сунуштар түшкөн мен барган эмесмин.

- Маекти жыйынтыктоо алдында элге кайрылуу үчүн сизге эркин микрофон берели.

- Урматтуу кыргыз элим, шайлоочулар. Мына тандоо убактысы келди. Шайлоо системасына жаңы өзгөрүүлөр кирди. Тандоо силердин колуңарда. Сиздер кайсы талапкерлер эмне иш кылганын, элине кандай жардам жасанын билесиздер. Арасынан татыктуусун тандагыла. Буга чейин өзүм үчүн иштегем, балдарым чоңойду. Эми мамлекеттин өнүгүшүнө болгон аракетимди жумшайм. Мен Илисбек Абакиров "Ишеним" партиясынан №41 талапкермин. Келип добуш берип кетиңиздер.

Аткаруучу: "Супер. кж" ЖЧКсы. Дареги: Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү 109, 4-кабат. Чыгарылган күнү: 11-ноябрь, 2021-жыл. Буюртмачы: “Ишеним” саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Турдакунова Эльмира Алмазбекова тарабынан төлөндү. (күб.№6, 01.09.2021 ж.).


кошулду
“Импортту жоюп, экспортту көбөйтүүгө көзүм жетет” дейт Илисбек Абакиров
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан