"Буюрса басат, баары бекер болот". Эки буту баспаган Амантурду Сабырбек Жумабеков кабыл алды

SUPER.KG порталы 16 жаштагы эки буту баспаган Амантур Амиракуловдун тагдыры тууралуу видео материалды сентябрь айында коомчулукка жарыялаган. Кийин белгилүү ортопед-травматолог Сабырбек Жумабеков биздин социалдык баракчабызга бекер жардам бере тургандыгын айтып, билдирүү калтырган.

Амантур чоң энеси менен айылдан бүгүн, 13-ноябрда келди. Аны Сабырбек Жумабеков кабыл алып, буюрса баса тургандыгын, операциясы акысыз боло тургандыгын айтып, ооруканага жайгаштырды.

Амантурдун мындан аркы абалы боюнча дагы кошумча маалымат берилет.

Белгилей кетсек, 16 жаштагы Амантур Амиракулов Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Боспиек айылынын тургуну. Ал белинде грыжасы менен төрөлүп, алты айлыгында операция болгон. Ошол учурда ата-энеси эки ажырым жолго түшүп, бала чоң энесинин колунда калган.

Буту баспаган Амантурдун чоң энеси: "Көтөрүп жүрүп мектепке окуттум"
Эки буту баспаган Амантурду Сабырбек Жумабеков кабыл алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Birimdik5555
2021-11-13 15:39:48
Ылайым басып кетсин, тилегине жетип бактылуу болсун
+10
BISHKEK-312
2021-11-13 16:09:46
Ушундай жардам берип турган ыймандуу врачтар көбөйө берсин Иншаа Аллаах!!!
+11
Jolin
2021-11-14 00:21:04
Сабырбек Жумабеков Аллах ыраазы болсун!!!
+10
Gulnur1985
2021-11-14 01:36:35
Аллахым ыраазы болсун
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан