Сузакта үч кичинекей баланын жансыз денеси табылды. Алардын апасы өтө оор абалда ооруканада

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда үч кичинекей баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, окуя бүгүн, 14-ноябрь күнү таңга жуук болгон. Каза болгон балдардын экөө төрт жаштагы эгиздер жана бирөө 6 жашта болгон. Ал эми балдардын апасы өтө оор абалда аймактык ооруканага жаткырылган. Алдын ала маалымат боюнча, эне жана жаш балдар мештен чыккан иске ууланган.

"Учурда оперативдүү топ аталган аймакка жөнөп кетишти. Алар келгенде гана бул боюнча толук маалымат бере алабыз", - деп билдиришти облустук милициядан.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
elinur
2021-11-14 14:29:40
Аллахым озу сактасын апасына кыйын болуптур
+11
ainura220888
2021-11-14 16:04:26
Омурумдо биринчи жолу ушундай комментарий жазып жатам Аллахым озун кечир. 3 мотурайгар баласын жоготуп кантип жашайт. Сабыр сабыр сабыр
+9
Egizderim-baktim
2021-11-14 16:10:45
Балдарым ушубосун деп от жагып туну уктаган эне байкуш, жерге бергенин укса кантип чыдайт. Аллахым сабыр берсин
+9
aika2013
2021-11-14 18:53:19
Ээ Кудай,этият болгулачы , ар жылы ушундай жанылык угабыз, Аллах ОЗУ сактасын,
+3
Antiradikal6
2021-11-14 22:37:07
Ото ото аянычтуу........
+3
Antiradikal6
2021-11-14 22:42:33
Жапаров жайы менен озбектерге сууну агызып, сатып, эми суукта элди жарыксыз коюп кыйнап жатат. Же комурдун баасын жонго салбайт. Комурдун баасы да асманда. Комур жагып иске уулангандардын убалы кимге?! Жапаров озу комур жагат бекен? Жакпайт. Катыны экоо комур кармагандан жийиркенсе керек. Оздору хандай жашап, эл болсо иске ууланып башка болуп кырылып жатат.
+1
Luna7
2021-11-15 07:16:45
Antiradikal6,атандын Гана башы,адам олуп атса Жапаров эле Жапаров дейсин, Жапаров олтуруп кеткенсип
0
ErkinOkenovich
2021-11-15 07:50:10
Antiradikal6,сага ар куну тушуно Садыр Жапаров киреби же сага бир нерсе бербей койду беле. таззале Жапаров Садыр деп эле какшагандан какшайсын.же Адахандын шестёркасысынбы? Ачыгынды айтчы
-1
Mister-XXX
2021-11-15 17:58:02
ErkinOkenovich,Мен да ошентип ойлоп калдым.Башка бир партиянын адамдары активдуу турдо каралап жатат окшойт.Негатив пикир жазса да + белги басылып жатат.Буга каршы пикир жазгандарга - белгиси басылат.
-1
Isikkolumkeremet
2021-11-14 23:21:04
Жапаровду ала жатпасан не башын ооруйбу.кызык эле адамсынар
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан