Маалыматка ылайык, парадда америкалык ондогон М117 бронтехникалары көрсөтүлүп, алардын үстүнөн Ми-17 тик учактары учуп өтүшкөн. Көптөгөн жоокерлердин колдорунда Америкада жасалган М4 автоматтары болгон.
Жыйырма жыл бою талибдер согушкерлердин ролун аткарып келишкен. Бирок азыркы учурда аларооган жана эл аралык күчтөрдүн мурдагы курал-жарактардын жана техникалардын ири запастарын өз күчтөрүн кайра жабдуу үчүн колдонууда.
Эске салсак, буга чейин талибандар Ооганстандын ири шаарларынын бири Кандагарда аскердик парад өткөрүшкөн. Аскердик унаалар аэропортту шаардын борбору менен байланыштырган Кандагардагы негизги жолду бойлоп өтүштү. Бул учурда диний музыка угулуп турган.
Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.