Бишкекте 13 жаштагы Мырзайым Каниметова дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жакындары билдирди.
Алардын айтымында, Мырзайым 14-ноябрь күнү түштөн кийин үйдөн чыгып кеткен. Акыркы жолу саат 19:00дө телефон аркылуу байланышып, үйдөн алыс эмес экендигин билдирип (ред.: Юнусалиев-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде), жакын арада келе турганын айткан. Андан кийин байланыш үзүлгөн.
Белгилери: бою 155 сантиметр, чачы кара, кыска.
Ал тизесине чейин кара пальто, кара кепка, кара шым, кара өтүк кийип жүргөн. Кыздын кара рюкзагында көптөгөн түстүү төш белгилер бар.
Мырзайым Каниметованы көргөн-билгендер болсо, 0707 059 228, 0501 999 676 номерлерине кайрылса болот.