Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 3 баласы менен кошо иске ууланган келиндин бүгүнкү күнгө карата абалы айтылды. Анда келин комадан чыкканы маалым болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын директорунун орун басары Арстан Алымбаев билдирди.
"Келин комадан чыгып, өзүнө келип жатат. Абалы туруктуу, жылыш бар", -деди Алымбаев.
Кечээ,14-ноябрь күнү таңга жуук
эне жана анын 3 баласы мештен чыккан иске ууланган. Анда каза болгон балдардын экөө төрт жаштагы эгиздер жана бирөө 6 жашта болгон. Ал эми балдардын апасы өтө оор абалда аймактык ооруканага жаткырылган.