ЭЛДИК КАБАР: Эгиз кыздуу болгон окурман кубанычы менен бөлүштү

Эгиз кыздуу болгон окурман кубанычы менен SUPER.KG порталына бөлүштү.

Анын айтымына караганда, учурда эне менен наристелердин абалы жакшы.

"Эгиз кыздарымдын салмагы бирөөсү 2 килограмм 300 грамм болсо, экинчиси 2 килограмм 200 грамм. №2 төрөт үйүндө 13-ноябрда көз жардым. Учурда абалыбыз жакшы.

Наристелерге жакындарыбыз ысым тандап жатышат.

Эгиздеримден тышкары 5 жаштагы кызым жана 3 жашар уулум бар", - деп билдирди Күмүшай Исмайилжан кызы.

Ошондой эле ал 2014-жылы жолдошу экөө баш кошконун, Аксы жергесине келин болгонун кошумчалап өттү. Күмүшай Исмайилжан кызы үй-бүлөсү менен Бишкек шаарында жашайт.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
rysik79
2021-11-15 13:54:14
Бешик боосу бек болсун. Эмне жанылык бул
+5
Mister-XXX
2021-11-15 18:02:16
Бешик боонор бек болсун!Өмүрү узун,бактылуу болушсун!
Ушинтип,эгиздеп төрөп кыргыздарды көбөйтүп салгылачы.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан