Чүйдө аккумулятор уурдаганга шектелгендер кармалды. Алардын дагы 7 кылмыш ишине тиешеси бар экени аныкталды

Чүй облусунда бир катар унаа аккумуляторлорун уурдоого шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Аламүдүн РИИБине арыз менен Лебединовка айылынын 50 жаштагы тургуну кайрылып, 10-ноябрдан 11-ноябрга караган түнү белгисиз адамдар жүк ташыган унаасынын 2 аккумуляторун уурдап кеткенин билдирген.

Аталган факты каттоого алынып, сотко чейинки териштирүүлөр башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, шектүү катары 23 жаштагы Т.Б. жана 22 жаштагы К.А. кармалган. Экөө тең Чүй облусунун тургундары.

Маалым болгондой, милиция кызматкерлери адегенде шектүү делген адамдар айдап жүргөн Хонда Фит унаасын жана алардын аты-жөнүн аныктап, кармашкан. Ошондой эле тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө унаанын ичинен аккумуляторлорду уурдоо иштерин жүргүзүүгө колдонулган шаймандар табылган. Андан аркы иш-чаралардын жүрүшүндө, жогорудагы адамдардын Аламүдүн районунун аймагында жасалган ушул сыяктуу 7 кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталып, алар буга чейин каттоого алынган.

Учурда жогорудагы шектүү жарандардын Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында жасаган ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгын аныктоо боюнча иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан