"Ооба" дедим". "Евровидение-2021" сынагына Орусиянын атынан чыккан ырчы Манижа турмушка чыгарын жарыялады

"Евровидение-2021" ыр сынагына Орусиянын атынан чыккан тажик улутундагы ырчы Манижа (Манижа Сангин) жакында турмушка чыгарын социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Ырчынын Инстаграм баракчасынан "Мен "ооба" дедим" деп жазып, манжасына шакек тагып жигит менен түшкөн сүрөтүн көрүүгө болот. Ачык булактардын маалыматына караганда, ырчыга сунушту режиссёр Ладо Кватания киргизген. Түгөйлөрдүн мамилеси ушул жылдын башында белгилүү болгон. Анда ырчынын сүйүктүүсү Нидерландияга "Евровидение-2021" ыр сынагында аны колдоо үчүн келген. Манижа Орусиянын атынан "Орус аял" аттуу ыры менен катышып, 9-орунга ээ болгон. Түгөйлөр азырынча алдыдагы той боюнча үн катыша элек.

Эскерте кетсек, Манижа Сангин 1991-жылы Дүйшөмбү шаарында туулган. Болочок жылдыздын үй-бүлөсү 1994-жылы Тажикстандагы жарандык согуш учурунда Москвага көчүп кеткен. Учурда ырчынын эки студиялык альбому бар. Алар "Manuscript" (2017) жана "ЯIAM" (2018).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан