Өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы ЖЭБ-2 аймагындагы конуштун жашоочулары менен жолугушту. Анда президент аталган аймактагы жер тилкелерди трансформациялоого байланыштуу министрлер кабинетине тийиштүү тапшырма бергенин белгиледи.
Жергиликтүү тургундар менен жолугушууда Садыр Жапаров күз-кыш мезгилиндеги көмүрдүн баасын чечүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилгенин белгиледи. Анын айтымында, бүгүн-эртең Бишкекте көмүрдүн баасы сезилерлик төмөндөйт. Тагыраагы, тоннасы 3 миң сомдон болорун айтты. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тарап, талкуу жаратты.
"Жакшы турасыздарбы? Үшүгөн жоксуздарбы? Көмүрүңөр барбы? Бүгүндөн баштап бир тонна көмүрдүн баасы 3 миң сом болот. Бишкектеги кампага "Кара-Кеченин" көмүрүн алып келели деп жатабыз. Кампанын дарегин социалдык тармактар аркылуу кабарлайбыз. 6 миң сомдон сатып жаткандар өздөрү ташып келип жатышат, баасын түшүргүлө десек болбой коюшту. Анан биз өзүбүз алып келип, 3 миң сомдон саталы деп жатабыз. Алар алып келген көмүрүн 3 миң сомдон сатсын, болбосо аймактарга алып барышсын", - деди президент.