Талас облусунда эки багытта рейд өткөрүлдү. Бул туурасында Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, рейд учурунда мурда болгон ар кандай маанидеги 13 кылмыштын бети ачылган.
"Рейд учурунда 7 алдамчылык, 3 уурулук фактысы аныкталып, издөөдө жүргөн 2 жаран кармалган. Жалпысынан 150 унаа текшерилип, Бузуулар кодексинин негизинде 50 протокол толтурулган. Анда мас абалында унаа башкарып жүргөн 2 айдоочу аныкталып, унаалары айып короого киргизилген", - деп жазылат маалыматта.