Өзүн кыргыздын деми атаган Гүлзат Мамытбек алдамчылыкка шектелип 1 айга камакка алынган. Камакта отурган Гүлзат айым ачкачылык жарыялады. Бул туурасында Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборго байланышканыбызда белгилүү болду.
"Бүгүн, 16-ноябрда улуттук борбордун кызматкерлери Гүлзат Мамытбек жаткан абак жайына барышкан. Анда алдамчылыкка шектелген Гүлзат айым кызматкерлер менен сүйлөшүп, 14-ноябрдан бери ачкачылык жарыялаганын, бирок расмий түрдө СИЗОнун жетекчилигине билдирбегенин айтты. Ал негизсиз айып тагылганын, анын маселеси жарандык процессте каралышы керек деп эсептейт. Анын айтымында, колунда бардык ырастоочу документтер бар. Мындан тышкары Гүлзат Мамытбек Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жана Ички иштер министрлигинин мекемелериндеги камак жайларынын начардыгына, тактап айтканда өз убагында кат-кабарлар жөнөтүлбөгөнүнө, кызматкерлердин орой мамилесине нааразы болду.
Биздин кызматкерлер ачкачылык боюнча камак жайдын жетекчилигине кабар беришти", - дешет маалымат кызматынан.
Гүлзат Мамытбек 25-октябрда алдамчылык фактысына шектелип кармалган. 27-октябрда Биринчи Май райондук сотунда анын баш коргоо чарасы каралып, 1 айга камакка алуу чечими тандалган.