Кыргыз өлкөсү менен Өзбекстандын энергетикалык компанияларынын ортосунда сүйлөшүү болду. Анда биргелешкен долбоорго кол коюлганын Энергетика министрлигинен маалымдашты.
"Эки өлкөнүн энергетикалык компанияларынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу "Улуттук энергетикалык холдингде" болуп, анда электр жабдууларын коммерциялык эсепке алуу системасын автоматташтыруу боюнча долбоорду ишке ашыруу талкууланды.
Тараптар электр энергиясын эсепке алуу жана энергия керектөөчүлөр менен эсептешүүлөр боюнча бизнес-процесстердин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн АСКУЭ жабдыгын орнотуу жана биллинг системасын киргизүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууну макулдашты", - деп айтылат билдирүүдө.