Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Туркменбашы шаарындагы спорт залдын ачылышында министрлер менен кичи футбол ойноду. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
Маалыматка ылайык, оюндун алдында бардык катышуучулары ПЦР тест тапшырган. Ал эми түркмөн лидери жеке өзү министрлердин колун антисептик менен жууган.
Беттештин жүрүшүндө Бердымухамедов топту биринин артынан бирин оңой эле дарбазага киргизип жатканын көрүүгө болот. Ал тургай атаандаштары топту алса дагы чабуулга чыкпай, дарбазачы жай эле келген топту тосо албай калган.
Бул видео учурда интернет айдыңында талкууга алынууда.
Буга чейин Бердымухамедов Ашхабаддын жанындагы райондордун бирине болгон иш сапарында ок атуу боюнча чеберчилигин көрсөткөн. Ал бутанын ортосуна бир нече ок атып, андан кийин ага кол тамга калтырган.