Бишкекте жасалма номер менен жүргөн айдоочу кармалды

Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери жасалма номер менен жүргөн айдоочуну кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-ноябрда милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жаткан учурда болжол менен саат 22:00 чамасында Ахунбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинен Honda CR-V үлгүсүндөгү унааны жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотушкан.

Кызматкерлер унаанын керектүү документтерин текшерүү учурунда 1994-жылы туулган М.Д. аттуу айдоочу өзүнүн унаасынын мамлекеттик номерин жасалма номерге алмаштырып айдап жүргөндүгү аныкталган.

Бул факты боюнча автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулуп, ал эми айдоочу андан ары чара көрүү үчүн Октябрь РИИБинин тергөө кызматына жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан