Бишкекте 3 миң сом болгон көмүр: Айдоочулар көмүр арзандаганына нааразы болуп чыгышты (видео)

Жумгалдагы "Кара-Кече" көмүр кенинен көмүр ташыган жүк ташуучу унаалардын айдоочулары Бишкекте көмүрдүн тоннасы 3000 сомдон сатылып жатканына нааразы болушууда. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.

"Өткөндө мен фейсбуктан окудум. Таласта дизель майы жок экен. 3 миң сомдон сатсак эч нерсебизге жетпейт, андан көрө бекер бергенибиз жакшы. 3 миң сомдон сатсак майыбызга дагы жетпейт. Унаабыздын бир дөңгөлөгү 22 миң сом. Бул жерде ижарага батир алып жашагандар бар, унааны ижарага айдагандар бар, азык-түлүк кымбат", - деди айдоочулардын бири.

Мындан тышкары, алар бийлик атайын график түзбөгөндүгүнө нааразычылыктарын билдирген.

15-ноябрда өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы ЖЭБ-2 аймагындагы конуштун жашоочулары менен жолугушкан учурда көмүрдүн баасы 3 миң сом болорун айткан. Бир күн өтпөй, Бишкектеги Мурманская көчөсүндө арзан көмүр сатылган базада адамдардын узун кезеги жаралган.

Айдоочулар көмүр арзандаганына нааразы болуп чыгышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Simels
2021-11-17 12:46:35
Урматтуу камазисттер мен силердин түйшүгүңөрдү дагы түшүнөм бирок, тообо дегиле.
Кара-Кечеден тоннасын 1350сомдон аласыңар анан тоннасын оптом 4500сомдон алып келип сатып жаткансыңар. Эгер орто эсеп менен 20 тоннаны алсак 1350*20=27000с. 4500*20=90000с ошондо 90000-27000 = 63000с калып жатат, мейли таза 20 тоннадан 30-40миң калып жатат. Шүгүр дегиле башкаларды деле ойлош керек кымбатчылык только айдоочуларга эле эмес. Оптом 3миңден сатсаңар деле жакшы эле акча калат.
+19
Diyana
2021-11-17 13:03:28
Ошто да арзандаса жакшы болмок, эч болбосо8-9 сомго тушсо. 14тон бизде комур
+4
patriot.kg94
2021-11-17 13:25:53
Diyana, Оштун каеринде 14 сомдон сатылтат тоннасы 14000 болуп кететго анда
+3
Diyana
2021-11-17 13:48:39
patriot.kg94,Ноокатында Сулуктунун комуру 14тон болуп эле жатат
+3
Diyana
2021-11-17 13:04:02
3мин болсо почти бекер экенда бизге салыштырмалуу
+5
Belo
2021-11-17 13:19:39
Айдоочулар жакшыле табат, эко болуп тыгып конуп калышкан да
+5
joke81kg
2021-11-17 14:11:57
Камазистер элдида ойлогула озунордуле ойлобой
+4
Birimdik5555
2021-11-17 14:58:55
Ким бай камазистер бай азыр,
бул акчага алымсынбай жатышат да
+5
Gulina00
2021-11-17 16:59:35
Нааразы болсонор паталокко тукуруп уйдо жаткыла,акчанар азайганда ушунусуна да шугур деп иштеп каласынар,элди да ойлошсо болот.
+3
Senator
2021-11-17 17:25:52
Буларды бут иштеп алып керек,анткени конспект алышкан коп жеп чоон чычып.
+1
Rusbayastan
2021-11-17 18:01:52
Бир донголок алсанар 1 жыл кышын жазын айдайсынар. Айына эки жолу барып келсенер ремонттон тышкары 50 мин сом таза калат,сабыр кылып иштей бергиле бул кун да отот.
+1
malika79
2021-11-17 18:30:27
Камазистер катуу копконго.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан