"Кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшкөн". Ош шаарындагы кыз ала качууга шектелген балдарга айыбы угузулду

Ош шаарынан Жалал-Абад облусунун Аксы районуна кыз ала качып бара жаткан 5 балага "адамды никеге туруу максатында уурдоо" беренеси менен иш козголду. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кыз ошол күнү эки курбу кызы менен окуу жайдан чыгып кетип бара жатканда алып качып кетишкен. Ала качкан жигиттер Аксы районунун тургундары. Алдын ада маалыматтар боюнча алар буга чейин кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшкөн. Жигит үйлөнүү сунушун айтканда кыз турмушка чыга элек эжеси бар экенин, андан кийин турмушка чыга ала турганын айткан. Бирок жигит ага карабай ала качкан", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

11-ноябрь күнү саат 14:00 чамасында Ош шаарынан 2000-жылы туулган кызды белгисиз жигиттер кара түстөгү унаага салып, белгисиз тарапка ала качып кетишкен. Бул окуя боюнча Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында "Колго түшүрүү" планы киргизилип, бардык жакка багыттамалар берилген. Кызматкерлер көп өтпөй Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылынан кызды ала качып бара жаткан унааны кармаган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Gulina00
2021-11-17 16:55:26
Алдын ада деп жазыптыр окубагандар ишке кирип алганбы.
+2
ali88
2021-11-17 19:28:41
Айыбы угузулду дейт,кайра иш козголду...
Супер кж болбой калдыңар
+2
nazira...
2021-11-17 20:37:06
Иш козгобой эле коюшпаптыр, суйлөшүп жүрсө, кыздын эжеси болсо туура да. Ала качат да анан,
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан