Ош шаарынан кыз ала качып бара жаткан 5 жигитти жолдон милиция кармап, тергөө бөлүмүнө жеткирди

Ош шаарынан Жалал-Абад облусунун Аксы районуна кыз ала качып бара жаткан 5 бала кармалды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-ноябрь күнү саат 14:00 чамасында Ош шаарынан 2000-жылы туулган кызды белгисиз жигиттер кара түстөгү унаага салып, белгисиз тарапка ала качып кетишкен.

Бул окуя боюнча Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында "Колго түшүрүү" планы киргизилип, бардык жакка багыттамалар берилген. Кызматкерлер көп өтпөй Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылынан кызды ала качып бара жаткан унааны кармаган.

Кармалган жигиттер унаа менен кошо Ош ШИИБинин тергөө кызматына жеткирилген. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Кармалган Honda Civic унаасында беш бала болгон. Алар кызды Ош шаарына Жалал-Абад облусунун Аксы районуна ала качып бара жатышкан.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
didu
2021-11-16 20:01:48
Эки жакка алып качканбы ошондо
0
Akjol18
2021-11-16 23:54:27
didu,Жан Клод Ван Дам 4 кишиби дегендей эле болупсуңго,дадың.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан