"Кыргыз көмүр" ишканасы: "Арзан көмүр аймактарга дагы жеткирилет"

Кара-Кече көмүр кенинде абал туруктуу. Бул тууралуу "Кыргыз көмүр" ишканасына байланышканыбызда билдиришти.

Алардын айтымына караганда, Кара-Кечеде ызы-чуу болуп жатат деген маалыматтар тараган. Бирок аталган аймакта кар жок, аба ырайы жакшы.

"Айдоочулар көмүрдү 3 миң сомдон сатып жатканына нааразы болуп жатышат. Себеби алар бир каттамда 150 миң сомго көмүр сатышчу. Анын ичинен таза киреше 80 миң сомдун айланасында болчу. Киреше таппай калабыз деген таризде өздөрүнүн оюн айтышууда. Бирок 3 миң сомдон сатылчу көмүр үчүн "Кыргыз көмүр" 100 унаа көмүрдү Бишкек шаарына жеткирип арзан баада сатып жатабыз. Муну менен гана чектелбейбиз, республиканын башка региондоруна жана Бишкек шаарынын башка жактарына дагы көмүр кампаларды ачып, арзан көмүр жеткиребиз.

Элге арзан баада көмүр жеткирүү үчүн бардык иш-аракеттерди жасап жатабыз", - дешти "Кыргыз көмүр" ишканасынан.

Маалымат үчүн:

16-ноябрда Бишкек шаарында бир тонна көмүр Мурманская көчөсү, 1б/1 дарегинде 3 миң сомдон сатылып баштаган. Буга удаа эле борбордо көмүр алабыз дегендердин саны арбын болгондуктан кошумча көмүр сатуучу кампа ачылды.

Өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы ЖЭБ-2 аймагындагы конуштун жашоочулары менен жолугушкан учурда көмүрдүн баасы 3 миң сом болорун айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
dastan_nookat
2021-11-17 17:42:17
Жакшы болмок Кара балтага да келсе кара балтада 5800 дон болтат
+3
ChagyIgan7
2021-11-17 18:15:01
Көмүрдү 9 сомдон түшүрбөш керек!
-10
ShaKe11
2021-11-17 19:20:09
ChagyIgan7,
Эгер 9 сом болгондо баш болуп сен айтмаксын арзандатыш керек деп
-3
Adi010891
2021-11-17 19:39:03
ChagyIgan7,мээне суук отуп кетиптир
+3
Dembele84
2021-11-17 20:41:17
ChagyIgan7,Конкобай десе,дооруйт десе дооруйсун го
+1
Gulina00
2021-11-17 19:22:03
Озгондо деле комур чыгат ошолорду да карап коюшса болот эле,торгойдун комурун 3сомдон алат элек быйыл4,5с жолгирасы башка толой турган кылып алышыптыр.
+4
Isken90
2021-11-17 19:37:42
Мен тан калам озубуздон чыкан кенге озубуз баасын чече албасак не деген жашоо макул бензин чет жерден келет. Светчи озубуздун гестер жеткире албайбы? Бакиев 1,50 тыйын кылганда тепкилеп кууп чыкан элек. Эми унчукпай 2,50 тыйндан толоп жатабызго
+1
PFC-CSKA
2021-11-18 00:01:49
Isken90,сенин Курманбегин свет учун куулуп чыккан эмес Кыргызстандан ал иниси менен баласынын айынан мекенинен ажырап бомж болуп журот.
+1
Kolyaa
2021-11-17 19:39:30
Кызыл кыядан көмүр чыгат кызыл кыя эли 8сом 50 тыйындан алып жатышат ошонуда көзөмөлдөп койгула.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан