"Башка региондордо дагы сатуу пландалууда". Балыкчыда 1 тонна көмүр 3 миң 600 сомдон сатылып баштады

Бүгүн, 18-ноябрь күнү Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында айдоочулардын демилгеси менен 1 тонна көмүр 3 миң 600 сомдон сатыла баштады. Бул туурасында "Кыргыз көмүр" ишканасынын басма сөз кызматына байланышканыбызда белгилүү болду.

"Айдоочулар өзүнүн демилгеси менен азыр көмүрдү 3 миң 600 сомдон Балыкчы шаарында сатып жатышат. Ошондой эле айдоочунун айткан маалыматына таянсак, бүгүнкү күндө дагы 10 унаа Кара-Кечеге кетип, башка региондорго да сатуу пландалып жатыптыр. Мунун бардыгын айдоочулар өздөрү кыргыз элине жардам кылалы деп көмүр баасын арзандатып жатышат", - деп билдиришти мекемеден.

Буга чейин өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы ЖЭБ-2 аймагындагы конуштун жашоочулары менен жолугушкан учурда көмүрдүн баасы 3 миң сом болорун айткан.

16-ноябрда Бишкек шаарында бир тонна көмүр Мурманская көчөсү, 1б/1 дарегинде 3 миң сомдон сатылып баштады. Ар бир үй-бүлөгө 2 тоннадан көмүр сатылмай болгону менен алуучулардын көптүгүнөн улам чектөө 1 жарым тоннага өзгөргөн. Көмүр алабыз дегендердин саны арбын болгондуктан кошумча көмүр сатуучу кампа Ден Сяопин көчөсү, 306 дарегинде ачылган.

Балыкчы шаарында 1 тонна көмүр 3 миң 600 сомдон сатылууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
dastan_nookat
2021-11-18 16:51:21
Кара балтага келбейби
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан