УКМК Рыскелди Момбеков жогорку билим боюнча дипломду мыйзамсыз алганын айтты

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Рыскелди Момбеков жогорку билими боюнча дипломду мыйзамсыз алган. Бул туурасында УКМКнын Тергөө башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Жаналиев БШКнын 18-ноябрдагы отурумунда айтты.

Маалымата ылайык, тергөө бөлүмдүн атайын кызматы 2020-жылдын 5-мартынан бери Рыскелди Момбековго байланыштуу "документтердин жасалмасы” беренеси боюнча ишти териштирип жатат.

"Кыргыз улуттук университетинин 1997-жылы сырттан окуу бөлүмүнө студенттерди кабыл алуу жана 2003-жылы сырттан окуу бөлүмүн "Юриспруденция" адистиги боюнча бүтүрүүчүлөрүнүн арасында Момбеков көрсөтүлгөн эмес. 2003-жылы Бухгалтердик эсеп жана аудит адистиги боюнча (№196 каттоо номери) Михаил Стародубовго берилген. Момбековго аталган окуу жайдын диплому берилген эмес.

2011-жылы Рыскелди Момбеков Дипломатиялык академиянын эл аралык мамилелер факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, эки жылдан кийин экинчи жогорку билимди алган. Талапкердин биринчи жогорку билими жок болгондуктан экинчи жогорку билимди ала алмак эмес", - деп билдирген бөлүм жетекчиси.

Борбордук шайлоо комиссиясы УКМКнын маалыматынын негизинде Момбековдун талапкерлигин эртеңки отурумда карамай болду. Бул туурасында шайлоо комиссиясынын маалымат кызматынан билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
KG-312
2021-11-19 00:02:14
Бул да бир шакылдаган сагызганда, кереги жок мындай Ашаиский саткындардын!!!
+6
Samina007
2021-11-19 00:05:39
Боло электин болоору көп, көрө электин көрөөрү көп окшойт алдыда
+7
make2
2021-11-19 00:19:28
Бул бийлик деле таза шайлоо откоро албайт окшойт
-6
Simels
2021-11-19 02:20:21
make2, Сокурсуңбу?
+3
make2
2021-11-19 09:00:42
Simels, Си
-2
Baha.Kyrgyzstan
2021-11-19 09:36:35
Бүгүн чыгат эми жаңылмач менен жооп берип
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан