Белгилүү хирург Мамбет Мамакеев коронавирус илдети менен ооруп айыкты

Белгилүү хирург, академик Мамбет Мамакеев коронавирус илдети менен август айында ооруп айыккан. Бул тууралуу Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунун директорунунун орун басары Асанбек Сыдыгалиев билдирди.

Учурда хирург адаттагыдай эле иш ордунда операция жасап, кызматын улантууда.

"Дарыгерлердин өзгөчө көңүл буруусу алдында ал 10 күн ичинде сакайып кетти. 95 жаштагы хирург буга чейин бронхит оорусу менен ооручу. Андыктан ковид илдетинен жөтөлүп кыйналып, арылуу жеңил болгон жок. Мамбет Мамакеев Кыргыз өлкөсүнө апрель айында Орусиядан алып келинген Спутник V вакцинасын алгачкылардан болуп алган. Аны караган дарыгерлердин айтымында коронавируска чалдыккан аксакалдын оор абалына вакцина жардам берген", - деп билдирди Сыдыгалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан