Бишкекте белгилүү шоумен, тамада Бакыт Букаев киши колдуу болуп каза тапты. Муну 13-ноябрда шоу-бизнес тармагынан өздүк булактарыбыз билдирди. Анын денеси шаардын Бөкөнбаев-Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишиндеги батиринен саат 19:00 чамасында табылды. Маалыматтарга таянсак, Б.Букаев 13-ноябрь күнү бир кечеде тамадалык кылмак, бирок белгиленген убакытта ал жерге барган эмес. Мындан улам санаалаштарынын бири анын үйүнө барып, тамаданын канжалаган жансыз денесин көрүптүр. Окуя болгон жерде иликтөө тобу иш жүргүзүүдө.
44 жаштагы тамада бычактан алган жаракаттан улам көз жумганын Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тастыктады.