Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 235-чакырымында (Кочкор айылы) Toyota-Camry үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1 эркек адам каза болуп (аты-жөнү такталууда), 1 бала жабыркаган (2004-жылы туулган С. уулу Б.).
Куткаруучулар жерине жеткенде жабыркаган жаранды "Тез жардам" кызматы ооруканага алып кеткен.