Токмокто бир жаран өз жанын кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Токмок шаарынын Жантаев көчөсүндө жайгашкан толук курулуп бүтө элек 9 кабаттуу имаратка жаран чыгып, секирем деп жатат деген маалымат түшкөн. 3 куткаруучу жерине саат 16:22де чыгып, саат 16:30да жетишкен.
Токмок шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрттү өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн башчысы өз жанын кыюуга аракет кылган 1992-жылы туулган М.И. аттуу дунган улутундагы жаранды алдап кармап калды. Андан соң жетелеп ылдый түшүрүштү.