Москвада блогер жана анын жүргүнчүсү жол кырсыгынан каза болду. Кырсыкка бир күн калганда алар ири өлчөмдөгү жардам көрсөтүшкөн

Орусиянын "Инсан" кайрымдуулук фонду блогер Саид Губденский менен Дагестандын Автомотоспорт федерациясынын президенти Заур Ибрагимов ага жол кырсыгынан каза болордон бир күн мурда кайрымдуулукка 3 миллион рубль бергенин кабарлады.

"Саид Губденский менен Заур Ибрагимов окуя болгонго чейин эле фондго садака иретинде акча которууну каалашып, ар бири 1 миллион 500 миң рублдан которгон. Сүйлөшүү учурунда алар кезекте чыныгы жардамга муктаж бир нече адамдар бар экенин билишкен. Алар муну тымызын жасамакчы болушкан. Ал эми акча жума күнү кечинде фонддун эсебине түшкөн. Каражатты өз ээлерине жеткирүүгө үлгүргөн жокпуз", - деп жазылды фонддун социалдык тармактагы баракчасында.

Ишемби күнү Москванын Кутузовский проспектисинде эки унаа бетме-бет кагышып, аларды дагы бир унаа келип сүзгөн. Блогер Саид Губденский кырсыкка себепкер болгон BMW унаасын айдап бара жаткан. Ал окуя болгон жерден каза болуп, анын жүргүнчүсү Заур Ибрагимов ооруканага жеткирилген соң каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан