Бишкек ШИИБи: “Бакыт Букаевди мыкаачылык менен кыйнап өлтүрүшкөн”

Бишкек ШИИББи Бакыт Букаевдин өлүмү боюнча иликтөө жүргүзүп, факты боюнча алгачкы маалыматтарды берди. 13-ноябрда саат 18:53 чамасында Ленин райондук ИИБине чакыруу түшкөн. Анда Бишкек шаарынын Жаш Гвардия көчөсүндөгү №2 үйдө жансыз дене табылгандыгы тууралуу айтылган.

 

Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө үйдүн эшиги бузулган эмес деп билдиришти. Батирдеги чачылган залда 1969-жылы туулган Бакыт Букаевдин кыйнап өлтүрүлгөн денеси табылды.

К.Н. аттуу күбөнүн айтымында, саат 18:00дө тааныштары чалып, Б.Букаевди таап берүүнү суранышкан. Ал ошол күнү бир кечеде тамадалык кылмак. Б.Букаевдин телефону өчүк болгондуктан, аталган күбө тамада жашаган батирге келген. Ачкычы бар болгондуктан батирге кирип, жансыз денени көргөн. 

 

Окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза маркумдун денесиндеги жаракаттарды аныкташты. Анын моюну алды жагынан эки жолу кесилип, көкүрөгүнө эки жолу бычак сайылган. Көкүрөгүндө чылымдын чогу басылган 5 так калган. Кылмыш болгон жерден манжалардын издери, эки ашкана бычагы, кан болгон медициналык кол кап алынды. Бакыт Букаевдин сөөгү өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлдү.

 

Аталган факты боюнча "адам өлтүрүү" беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Атайын иликтөөчү топ түзүлүп, алдын ала версиялар иштелип чыгууда.

"Бакыт Букаевди аябай кыйнап өлтүрүшүптүр" дейт Нурдөөлөт Копоев
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Stalker-007
2013-11-14 10:13:14
Атайылап олтургону корунуп турат, эшиги сындырылбай кирген болсо, тааныган адам кирген, даярданып келген перчаткасы болсо, алыстан издеп кереги жок.
0
Shai
2013-11-14 10:19:22
Болгону тамада болсо. Мунун канчалык мыкаачылык менен олтургудой куноосу болуш керек кызыгы ошол болуп турат да. Же кооп акчасын болсо, же мамлекеттик кучтуу кызматкер болсо ынанасын. Азыр адашып олтурушуп албадыбы экен деген ой келет.
Баарыбир куноосуз кеткен мусулман пенде жайын жаннаттан тапсын эми
+2
LuBiSh_DoKaJY
2013-11-14 10:45:29
Коруп билбей туруп айтуу кыйын бирок! К,Н танышына ким чалган? Анда кайдан ачкыч? Имменно ошого айтканбы не тап бер деп? Аялы бар беле озу? Жанагы К,Нди да жакшылап сурака алусу зарыл. Мумкун ишин аягына чыгып анан чалып жаткандыр? Мумкун мумкун?
0
Aidai2010
2013-11-14 10:58:07
LuBiSh_DoKaJY, аялы жок адам, эгерде жанылбасам, бул адамдын ориентациясы башка эле, кечиргиле, мумкун ошол себеп болуп журбосун.
-2
aigera
2013-11-15 00:20:33
Aidai2010, аялы, 2 баласы бар. С ориентацией у него проблем не было . Как можно не зная человека осуждать его личную жизнь?!
0
Akun9
2013-11-14 11:44:56
К,Н ( Нурдоолот Копоев) силер эмне Нурдоолотту олтурду деп турасынарбы??? Бакыт Б Нурдоолот К уйундо жашачуу экен Нурдоолотто дагы бир ачкыч болгон, конгулоосун басса ачпаган учун ал озунун ачкычы менен ачып кирген. Толук маалымат билбеген сон ар нерсени жаза бериштин кереги жок достор!!!
0
Almabek
2013-11-14 12:08:18
Арты кайырлуу болсун. Себепсиз олтурулбосо керек менимче. Мыкаачылык менен олтурулгондугуно караганда заказ болгон, даярдалганы корунуп турбайбы. Эгер кокустан чыккан чыр-чатак болгондо башкача сценарий болмок. Муну атайын профессионал адам аткарган. Криминалдардын изи бардай. Кимдир бироого тамадалык жактан отказ кылса керек балким.Табып жазасын бериш керек, тааныштарынын колунан келбеген бул иш, оч алуу максаты ачык корунуп турат.
0
Tariel_tt
2013-11-14 13:51:06
маалыматты тактап анан комент жазгылачы.орентациясы нито болчу же Н.К. текшеруу керек деп.тактык учун айтып койоюн.Нурдоолот Копоевдин уйундо жашаган.издеп уйуно барып запаска ачкычы менен ачкан.уй булоолу 2 уулу калды артында.уй булоосу ыссык колдо болгон.
0
Bagirra
2013-11-14 15:01:16
Нурдоолоттун эч куноосу жок, жагында уйлонгондо бут Бакыт байке озу чуркап тоюн откощуп берип журсо анан кантип Нурдоолот олтурсун.
0
Shekerbek
2013-11-14 15:19:53
бул окуяны бир кудай анан олтургон адам билет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан