Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсыктардын алдын алуу боюнча муфтият менен иштешүүнү пландап жатат

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөдөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу багытында муфтият менен тыгыз байланышта иштөөнү максат кылууда. “Калкыбызда дин ишеними жогору болгондуктан, мечиттерде айтылган баяндар калкка жеткиликтүү. Кырсыктардын алдын алууда элге маалымат жеткирүү маанилүү. Ошондуктан муфтият менен бирге иштешсек деген ниеттебиз”,- дейт аталган министрликтин басма сөз кызматынын жетекчиси Абдишарип Бекилов. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун демилгеси менен министрлик тарабынан калкыбызды кырсыктардан оолак болууга чакырган макалалар жарыяланган атайын гезиттер чыгарылып, мечиттер аркылуу таркатылмакчы. Бул күнү министрликтин облустук башкармалыктары жана райондук жетекчилери имамдар менен биргеликте калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөрү күтүлүүдө. Ошондой эле телевидение жана радиолор аркылуу калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү да уюштурулуп жатканын айтты Абдишарип Бекилов. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан