Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери Бүткүл дүйнөлүк жол-унаа кырсыктарынан каза болгон жарандарды эскерүү күнүн белгилешти.
Иш-чаранын алкагында жол кыймылынын инспекторлору айдоочуларга жол эрежелерин сактоо багытында, атайын китепчелерди таркатты.
Ош облусунун аймагында 2021-жылдын акыркы 10 айында 660 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 102 жаран каза болуп, 1157 жаран денесинен ар кандай жаракаттарды алышкан.