Садыр Жапаров Валентина Шевченко менен жолугушту. Спортчуга 1 миллион сомдук сертификат берилди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-ноябрда Бишкекке келген мушкерлердин абсолюттук чемпионатынын (UFC) аралаш таймаш боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченко менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы спортчуну жылуу кабыл алып, Валентина Шевченкону алтынчы жолу жеңил салмак боюнча UFC чемпиону наамын коргоп калышы менен куттуктады.

Садыр Жапаров чемпиондун ата-энесине жана машыктыруучусуна спортчуларды даярдоодогу жогорку чеберчилиги, алардын жеңишке карата болгон эрки жана эң жогорку натыйжаларга жетишкендиктери үчүн ыраазычылык билдирди.

"Сиздер ийгиликтер, талыкпаган эмгегиңиздер менен Кыргыз мамлекетин даңазалап келесиздер, ал эми мамлекет өз кезегинде спортко, спортчуларга, машыктыруучуларга жана ошондой эле келечектеги улуу спортчуларды тарбиялап чоңойткон ата-энелерге көңүл бурууга милдеттүү. Биз мындан ары да спорт менен машыгууну каалаган жарандарыбызга шарт түзүп берүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз", - деди президент.

Валентина Шевченко мамлекет башчысына жана бардык кыргыз элине көрсөткөн колдоосу жана жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, өз үйү – Кыргыз мамлекетине кайтып келгенине кубанычта экенин билдирди.

Баарлашуу учурунда ал Лас-Вегаста өткөн UFC 266 турнириндеги кезектеги жеңишинен кийин Садыр Жапаровдун жеке өзү телефон чалып куттуктаганына абдан кубанганын баса белгиледи.

Валентина Шевченко бул спортчу үчүн мындан да көп жана мыкты иштөөгө чоң мотивация берерин кошумчалады. Ал эми жердештеринин колдоосун дайым сезип турарын жана алардын колдоосу дагы да дем берип, жеңишке болгон ишенимин арттырарын билдирди.

Президент Садыр Жапаров Валентинанын Кыргыз мамлекетине келиши бардык кыргыз эли үчүн кубанычтуу окуя экенин, себеби бүтүндөй өлкө анын ийгиликке жетишин каалап, анын спорттук жетишкендиктерин колдой турганын белгиледи. Ал спортчу Валентина Шевченкого мындан ары да ийгиликтерди, бекем ден соолук жана бакубатчылык каалады.

Мамлекет башчысы ага 1 миллион сомдук сертификат, ошондой эле анын машыктыруучусу Павел Федотов менен апасы Елена Шевченкого эстеликке белектерди тапшырды.

Өз кезегинде Валентина Шевченко президент Садыр Жапаровго кепка, футболка, ошондой эле ал үстүбүздөгү жылдын сентябрында Лас-Вегастагы UFC 266 беттешинде чемпиондук наамын 6-жолу коргогон өзүнүн мушкерлик мээлейин белек кылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Abdizhapar
2021-11-22 18:10:42
Кайра Валентинадан акча алып жетим жесирге бериш керек ал бир урушунан 16-17 миллион сом утат
-18
Kushu_0703
2021-11-22 18:15:07
Должен эмес беришке
+13
Kolyaa
2021-11-22 18:31:56
Канча тапса дагы өзүнүн меенети.

Сенин эмнең кем Валентинадан.Сенда меенет кыл, уруш ошол тапкан акчаны тап ошондо көрөбүз жетим жесирлерге бергениңди.
+13
bratanyn
2021-11-22 18:42:25
Азаматсың!Сыйлыгың кут болсун!
+10
alimbek94
2021-11-22 19:52:58
Абдан сулуу, жагымдуу Валентина. Бар бол, жашооно ийгилик. 1 млн сомун кут болсун
+7
Ansar
2021-11-22 19:53:28
Келген сайын жаны президент болуп Валя эжебиз тан калып атса керек. Кийинки келгенде деле президент алмашпай турса экен.
+9
muslima-0788
2021-11-22 20:31:02
Сулуу кыз кыргыздын желегин желбиретип,таанытып журобер.Биз кыргыз эли сени дайым колдойбуз жана сыйлайбыз.Валентина мы вас любим.
+6
Antiradikal10
2021-11-22 23:31:25
Бул бийликтин да омуру кыска. 2-3 жылдан кийин келсе, дагы жаны президент отурган болот.....
-2
Antiradikal10
2021-11-22 23:32:55
Валентина Кыргызстандын чыныгы мекенчил (патриот) уул-кыздарынын бири...

Кайда журсо да Кыргызстандыктарга салам айтып урматтап жургон болот..... Азамат кыз. Элдин сыймыгы.....
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан