Дагы бир "Кыргызстан сулуусу" аныкталды. Жеңүүчү дүйнөлүк сулуулар сынагына катыша алат


"Кыргызстан сулуусу-2021" сынагы жыйынтыкталып, 22 жаштагы Алина Оморова жеңүүчү деп аныкталды. Бул туурасында "Кыргызстан сулуусу" улуттук дирекциясы маалымдады.

Аталган дирекциянын билдирүүсүнө ылайык, сулуулар сынагы жабык форматта өтүп, ТОП-5ке кирген кыздар аныкталды.

Жеңүүчү деп аныкталган Алина Оморова "Дүйнө сулуусу" сынагына катышууга мүмкүнчүлүк алды.


"Биринчи вице-мисс-2021" наамы 18 жаштагы Жамиля Жыргалбековага буюрду. Ал "Miss Grand International-2022" сынагында өлкө намысын коргойт.


"Экинчи вице-мисс-2021" макамды Ширин Алайчиева аттуу 18 жаштагы бийкеч ээледи. Ал "Miss Intercontinental - 2022" сынагында Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышат.


"Үчүнчү вице-мисс-2021" наамын Салима Асанбекова ээледи. 18 жаштагы Салима Асанбекова "Miss International - 2021" сынагына өлкө атынан ат салышат.


Ал эми 17 жаштагы Азиза Бакытбекова "Төртүнчү вице-мисс-2021" наамынын ээси болду. Ал 18 жашка толгондон кийин "Miss Multinational - 2022" сынагына катыша алат.

"Бул сынакка катышуучуларды каттоо 2020-жылдын 25-сентябрында старт алып, 2021-жылга чейин созулган. Онлайн кастингде бардык аймактардан 146 анкета келип түшүп, жарым финалга 10 кыз тандап алынган. Калыстар тобунун мүчөлөрү катышуучулар менен маектешип, 5 кызды тандашкан. Финалга чыккан бийкечтер Бишкек шаарына келишип, сынактык этаптардан өтүштү", - деп айтылат дирекциянын маалыматында.

Белгилей кетсек, "Кыргызстан сулуусу" улуттук дирекциясы 2020-жылы пандемияга байланыштуу салттуу аземди кийинки жылы өткөрүү чечимин кабыл алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
KG-312
2021-11-23 03:09:46
Булардын бетиндеги краска, шпатлевкаларын кырып, тазалап чогултсаң, бир хундай портерге полный (мусор) жүк болот!!!
+1
Mister-XXX
2021-11-23 08:08:07
Мага Азиза Бакытбекова жакты.Сулуу экен.
0
Nina.alex
2021-11-23 09:15:21
Алинанын неси сулуу ботом
0
Belek1710
2021-11-23 09:22:07
Арка жагынан баштаса сулуу кыздар экен ТОП 5
0
Кызжибек Раимова
2021-11-23 09:35:12
биринчи жөн эле сүрөттөрүн көрүп чыгып баары бир кыз экен деп ойлогом да)
+2
Dembele84
2021-11-23 10:30:14
Азиза Бакытбекова сулуу экен.Илгерки биздин открыткадагы Индия актрисаларына окшош экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан