Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде министр Кубатбек Боронов Кытайдын Жарандык администрациясынын министри Ли Лиго менен жолугушту. Жолугушууда тараптар өзгөчө кырдаалдар боюнча Кыргызстандын аймагында атайын окуу өткөрүү жана эки өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар органдарынын мындан аркы кызматташтыгы тууралуу сүйлөшүштү. Ошондой эле Ли Лигонун Чүй облусундагы Садовое айылында жайгашкан ӨКМнын Куткаруучуларды даярдоо борборуна барышы күтүлүүдө.