Советтер Союзунун баатыры Панфиловдун жаңыланган эстелиги Орусиядан Бишкекке жөнөтүлдү

Орусиянын Свердлов облусунан Советтер Союзунун баатыры, генерал-майор И.В.Панфиловдун жаңыланган эстелиги Кыргыз өлкөсүнө жөнөтүлдү. Бул туурасында Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.
"Панфиловдун эстелигин реконструкциялоо долбоору Кыргыз-Орус аймактар аралык маданий-гуманитардык кызматташтыгынын алкагында, Орусия Федерациясынын Свердлов облусунун өкмөтү тарабынан облустук губернаторунун жеке камкордугунун астында ишке ашырылган. Эстелик Свердлов облусу тарабынан Бишкек шаарына белекке берилет.
Колодон жасалган скульптура Иван Юрьевич Дубровиндин жетекчилиги астындагы "Дубровин" эстелик куюучу устаканасы тарабынан Бишкектеги "Панфилов" эс алуу багындагы эстеликтин түп нускасынын кѳчүрмѳсүнүн негизинде куюлган.
Жаңыланган эстеликтин ачылыш аземи декабрь айынын башында орун алат", - деп айтылат билдирүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kolyaa
2021-11-24 01:57:27
1893 жылы туулган 48 жашында көз жумган
+1
KaGaH
2021-11-24 03:43:20
Гвардиялык генерал майор болуш керек,туура эмес жазылган
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан