Дебат: Депутаттыкка талапкерлер Жогорку Кеңештин кадыр-баркын кантип көтөрөт? Партия өкүлдөрү жооп берди

Тектеш кабарлар: Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо - 2021 (430 материал)

Бүгүнкү дебатта талапкерлерге "Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнө карата айтылган сын-пикирлер, парламенттин калк арасындагы аброюнун түшкөндүгүн белгилеген ойлор көп айтылат. Сиздер шайланып келип калсаңыздар же негизи эле жаңы парламентке келген депутаттар парламенттин калк арасындагы аброюн көтөрүш үчүн эмне кылышы керек? Алардан эмне талап кылынат? Кандай мыйзамдарга, кандай негиздерге, кандай принциптерге таянып иш жүргүзүшү жана аброюн көтөрүшү керек?" деген суроо берилди.

"Жашасын Кыргызстан" партиясынын жообу: "Бул нерсе түздөн-түз биздин калайык калкка байланыштуу. Бүгүн сатып алып жаткан добуштарга байланыштуу. Добуштарды сатуунун жаңы ыкмасы пайда болду. Бүгүн бийлик өзүнүн жети-сегиз партиясын алып бара жатат. Керек болсо элдин үмүтүн аткарабыз деп уялбастан эски чапандарын кийгизип чыгарып жатышат. Мына ошондой партиялар жок болсо сиз сүйлөшө аласыз. Ал эми азыр бийликтин сайраган "булбулдары" "Тигил-бул партиялар өтөт" деп айтып жатышат. Ошондой "булбулдарды" алып келе жаткан бийлик эртеңки күнү кандай адамдарды алып келет деген суроо жаралат.

Ал нерсе бүгүнкү келип жаткан партиялардын каражаты кайдан пайда болду, кандайча пайда болду ошого жараша болот. Бүгүн 5 миллион сом төлөбөгөн партия өтө албайт деп айтып жатышат. Бул калп. Аны Кудай билет. Мына өткөнкү шайлоодо 5 миллиондон да көп каражат короткон партиялар өтпөй калышты го. Бул дагы кыргыздын ойгонуп келе жатканы. Калайык калк эшикте жүргөн пенсионерлерди, пенсиясына оокат кыла албаган ата-энелердин мамлекеттен чыгып кетип жатышканын, балдары тентип көрүнгөн өлкөдө жүргөнүн ойлонушу керек. Бүгүн мына ушул жоопкерчиликти айтуу үчүн кандай адамдар келе турганы Садыр мырзанын моюнунда, өткөндө чыккан партиялардын моюнунда".

"Жашылдар" партиясынын жообу: "Жогорку Кеңештин аброюн жана алардын сапатын кантип көтөрөбүз? Менде мындай сунуш бар. Мен ушундай мыйзам долбоорун киргизет элем. Депутаттар сессиялык иштөө принцибине өтүшү керек. Мында Жогорку Кеңеш жылына төрт жолу кышкы, жазгы, жайкы жана күзгү сессияларга гана чогулушат. Ал эми башка убактарда депутаттар өз орундарында гана иш алып барышат. Ал эми алардын айлык маянасы өлкөдөгү орточо айлык-акы менен түздөн-түз байланышта болушу шарт. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда бүгүнкү күндө өлкөдөгү орточо айлык-акы 15 миң сомдун тегерегинде. Мен депутаттар дагы орточо айлык акынын деңгээлинде айлык алышы керек деген мыйзам долбоорун сунуштайт элем. Орточо айлык маяна көтөрүлсө депутаттардын да айлыгы көтөрүлөт. Тескерисинче төмөндөсө алардыкы да төмөндөйт.

Мындай жол менен биз шайлоочулар жана депутаттар арасындагы түздөн-түз байланышты камсыздоого жетишебиз. Депутаттар да шайлоочулардын катарында жашап жана иштеши керек. Мындай жол менен депутаттардын иши шайлоочулардын көз алдында болот. Ошондой эле Жогорку Кеңештин бюджетин үнөмдөй алабыз. Ал ансыз деле көп эмес. 700-800 миллион сомдун гана тегерегинде. Мындан тышкары элдин үнү деп эсептелген депутаттар чындап эле элдин үнүнө айланышат эле".

"Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын жообу: "Бул өтө орчундуу маселе. Анткени баарына маалым болгондой биз партиялык система деп коюп партиялык коррупциялык схемага өттүк. Себеби буга чейин партияларга жалаң гана акчалуулар, жалаң гана мамлекеттин казынасына кол салып, элдин акысын уурдаган жемкорлор кирип алып шайлоолорду өткөрүп келишкен. Алар кээ бир жерлерге барып ошол айылдагы жергиликтүү тургундардын арасынан кадыр-барктуу адамдарды кошуп алып "Сиздердин балаңыздарды Жогорку Кеңешке алып бара жатабыз" деп, шайлоо убагында аларды пайдаланышты. Ошол арам акчаларын жумшаган жемкорлор депутат болуп келип, биздин Жогорку Кеңештин кадыр-баркын түшүрүштү. Жогорку Кеңешти базарга айландырышты. Министрликтердин курамын бекитип жатканда кадимкидей эле соодага барышты. Шайлоодо чачып келген акчаларын кайра министрлерге сатышты. Кесибине, буга чейин кандай иш алып барганына карабастан тандап жүрүп биздин депутаттардын аброю түшүп кетти.

Мына өзүңүздөргө белгилүү болгондой биздин депутаттар бир түндө мыйзам жазып, бир күндө кабыл алып келишти. Биз Жогорку Кеңешке барып кала турган болсок, андай жат көрүнүштөрдөн алыс болобуз. Ал үчүн элибиз дагы туура тандоо кылышы керек. Алтын сөздөргө, куру убадаларга карабай өз жүрөгүңүздөр менен тандоо жасаңыздар".

"Азаттык" партиясынын жообу: "Күчтүү президенттик башкарууда жашаган өлкөдө парламент азыркыдан артык боло албайт. Биз админстративдик ресурсту жең ичинен пайдаланганды токтотушубуз керек. Бүгүнкү келген бийлик дагы өткөн бийликтерден сабак алган жок. Күтүрөтүп бүгүн дагы төрт-беш партияны жетелеп баратат. Алар бийликтин күчү менен, ошол кожоюндарынын күчү менен добуш алган жатышат. Эгер ал кожоюндары жок болсо айылынан алты добуш ала албаган балдар баратат.

Биз буга чейин Сооронбай Жээнбековдун "Биримдигин" же болбосо "Мекеним Кыргызстанды" сындап жүргөн болсок, алардын ичинде кайсы бир деңгээлде мамлекетчилдер бар болчу. Ал эми бүгүнкүлөрдүн тизмесинде "Кудайга тобо кылымдар" баратат.

Урматтуу шайлоочулар! Мына азыркы жаңы закондун нормасы боюнча Жогорку Кеңеш эмес шайлоочулардын сапаты билингени турат. Анткени силер партияны эмес, ар бир талапкерди тандаган турасыңар. Бул шайлоодо эл дагы сатылдыбы, эл дагы тууган-урук, кокту-колотко бөлүнүп кеттиби деген көрүнөт. Бул парламент президенттин жүзү болот анан элдин жүзү болот. Ошондуктан күчтүү президенттик өлкөлөрдө парламент бийликтин тең салмактуулугун камсыздай турган органга айланат. Эгерде оппозициялык партиялар көп утуп келген болсо ал парламенттин мүнөзү өзгөрөт. Анын табияты өзгөрөт. Ал бийликтин туура эмес аракеттерине каяша айтып токтотуп калганга далалат жасайт. Эгерде дагы эле мурдагыдай болуп бийликтин партиялары өтүп келе турган болсо, алар бар болгону кошоматтык менен гана алек болот жана азыркы "маңкалардан" артык болбойт".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан