Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлзат Байзакова 23-ноябрда 56 жашка толду. Ырчы туулган күнүндө концертке аткаруучу эмес, көрүүчү катары барганын, эң жакшы күн болгонун айтат.
"Кыргыз улуттук филармониясында "Эстебес" тобунун концерти болуп, эже-сиңдилерим, алардын жолдоштору, курбуларым, өкүл балдар, кыздарым, Бишкектеги бардык жакындарым менен бардым. "Эстебес" тобунда мыкты ырчылар бар экен деп жүрсөм, мыкты актёр, актрисалар дагы бар экен. Аалы Туткучев жетектеген концерт жогорку деңгээлде өтүп, ырахат алып, эс алып келдим. Миң алкыш айтам, концерт өзгөчө жакты.
Уулум "Эстебес" тобунда иштейт эмеспи, концерттин соңунда кучак толо гүл тартуулашты", - дейт ал.
Андан тышкары уул, келиндери ата-энесине Дубайга жолдомо беришти.
Гүлзат Байзакова 1965-жылы 23-ноябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы Көл-Төр айылында туулган. Опера жана балет театрынын алдындагы эки жылдык студияны аяктаган. "Камбаркан" ансамблинде иштеп жүрүп "Жалжалым", "Чагылган" деген ырларды ырдап чыккан. Андан соң Айбек Карымов менен аткарган "Дил кайрык" ыры аркылуу элге кеңири таанылган.
Быйыл 31-августта Эгемендүүлүк майрамында ырчы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамы менен сыйланды.
23-ноябрдын жылнаамасы.