Бүгүн, 31-августта Эгемендүүлүк майрамынын урматына бир катар мамлекеттик жана маданий, коомдук ишмерлер мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды. Алардын катарында белгилүү фольклор ырчысы Гүлзат Байзакова да Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген наамы менен сыйланды. Биз бул тууралуу президенттин жеке сайтынан маалымат алып, ырчы айымды алган наамы менен куттуктап чалганыбызда, бизден угуп жаткандыгын айтып кубанганын жашырган жок.
"Койгулачы, чын элеби? Силер кайсы жактан көрдүңөр, мен уккан жокмун. Сармерден көрүп үйдө отурганбыз. Буга чейин документтериңизди бериңиз деген, меники ал жактан көптөн бери эле өтпөй жатат да, оозуңа май алтыным. Бүгүнкү майрам баарыбызга кут болсун, бар бололу", - дейт Байзакова.