Казакстанда кош бойлуу аял терезеден секирүүгө аракет кылган

Коңшу Казакстандын Алматы облусундагы Каскелең төрөт үйүнүн дарыгерлери терезеден секирип кетүүгө аракет кылган кош бойлуу аялды куткарып калышты. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Басылмалар билдиришкендей, Карасай районунун Каскелең төрөт үйүндө жаткан аял 3-кабаттын терезесинен секирип кетүүнү көздөгөн. Дарыгерлер өз убагында келип, аялды аман алып калышкан.

Мындай шалаакылыкка эмне себеп болгондугу, аялды мындай кадамга түрткөн себептер укук коргоо органдары тарабынан иликтенип жатат.

Аялдын үч баласы бар экени белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан