Бишкек шаарынын көмүр базаларында 3 миң сомдон сатылып жаткан көмүр түгөнүп калды деп элде тынчсыздануу жаралган эле. Буга байланыштуу “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматына байланышканыбызда, "Кара-Кечеде" көмүр казуу иши уланып жаткандыгын билдиришти.
“Көмүр казуу иштери кызуу жүрүп жатат. Учурда 3 багытта иш алып барылууда. Көмүр Жылуулук электр борборуна жана президенттин тапшырмасы боюнча 3 миң сомдон сатылуу үчүн 3 коридор менен казылып жатат. Ал үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги техникаларды бөлгөн. Ошондой эле президенттин тапшырмасы менен көмүр ташууга 100 унаа бөлүнгөн”, - дешти басма сөз кызматынан.
Буга чейин "Кара-Кече" кенинен 8 жарым миң тоннадан ашуун көмүр казылып элге сатылган.
"Азыркы убакта болсо 317 тонна көмүр жөнөтүлгөн. Ошондой эле 707 тонна көмүр жолдо келе жатат", - деп кошумчалашты мекемеден.